Abank
SerepTV Logo

Кендирбаева "Айылдардагы орус тилдүү класстарды жабууга туура келет" дегени боюнча түшүндүрмө берди

Кендирбаева "Айылдардагы орус тилдүү класстарды жабууга туура келет" дегени боюнча түшүндүрмө берди
Кечээ, 3-октябрда билим берүү министрине талапкерлиги каралып жаткан Догдуркүл Кендирбаева «Балким айылдагы орус тилдүү класстарды жабууга туура келет» деген" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/koom/aiyldardagy-orus-tildyy-klasstar-jabylyshy-mymkyn/">деген. Ал ошол эле күнү социалдык тармактагы баракчасына айткандары боюнча түшүндүрмө берди. "Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда "айыл жеринде орус класстары жабылышы мүмкүн" деген жооп боюнча "орус тилдүү мектепти жабат экен" деп катуу талкууланууда. Андай эмес, учурда айрым кыргыз тилдүү мектептерде орус класс ачып алышып, орус тилинде сапаттуу билим берүүнү камсыз кылган мугалимдери жок, бала чайналып толук кандуу кыргызча же орусчаны өздөштүрө албай, арабөк калгандарды көрүп жатам. Айыл жеринде андай класстагы окуган окуучулардын ата-энелери көп кайрылышты, орус тилинде сабак өтө турган мугалимдерди таап бербесеңер балдарыбыз тилди такыр өздөштүрө албай жатышат, бул маселени чечип бергиле деп. Айрыкча башталгыч классты орусча окутуп, андан ары орус тилинде уланта турган предметтик мугалимдери жок, кайра кыргыз тилинде уланткан фактылар бар. Толук кандуу орус тилинде мугалимдери, окуу методикалык комплекстери менен жетиштүү камсыздабай туруп окутуу баланын орус тилинде окутуу гумандуу педагогика принциптерине туура келбейт жана педагогикалык жетишкендигин камсыз кыла албайбыз, биз балдарыбыздын убалына калабыз. Балдарга орус тилинде билимин, билгичтигин, көндүмдөрүн калыптандыра албагандан кийин андай натыйжасыз классты жаап салган туура деген ойду билдирдим. Анткени тилден өксүгөн бала, билимден өксүп, жаңы бийиктикке ишенимдүү кадам таштай албайт. Араңарда орус тилдүү предметниктер, башталгыч класстын мугалимдери болсо мектепке, айрыкча айыл мектебине кош келиңиз! Вакансиялар көп! Негизинен көп тилди билүү абдан жакшы мүмкүнчүлүк жана бул багытта иштер уланат", - деп жазды ал.