Аксана Ташматова 11 баланын энеси. Ал Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде таштанды полигонунун айланасында жашайт. Ичи-тышы шыбалбаган, сыз тарткан тар үйдө балдары менен күн кечирген каарманыбыздын баянын уктук. “Эки бөлмөгө баарыбыз батып алабыз. Жолдошум унаа токтотуп иштейт. Балдар биринин кийимин бири кийип чоңоюп жатышат” дейт ал.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: МБанк: 0500 40 22 88
СБЕРБАНК: +7 980 3951721, 5228 6005 9319 8155 (Улукбек)
«Таштандынын жыты жамгыр жааганда келет. Балдарым ошондон улам жөтөлүшөт. Кирди колго жууйбуз. Казанга суу жылытып эле жууй калабыз. Эки неберем бар. Камчыбек Ташиев үй берсе жакшы болот эле. 7 балага жөлөк пул алабыз»,- деди ал.