Булчуң атрофиясы менен жабыркаган Байханга да акча чогултуу жабылды. Бул тууралуу акча чогултулуп жаткан социалдык тармактагы баракчага жарыяланды.
«Кыргыз элим, сиздерге чоң рахмат. Жардам кылып жатканыңарга чоң рахмат»,- деди атасы.
Буга чейин Кыргызстанда чанда кездешкен ооруга кабылган 1 жаш 11 айлык Хамза Ташбаевге илдетин жеңүүгө керек болгон Zolgensma уколуна делген 170 миллион сом чогулуп, акча чогултуу жабылган. Көп өтпөй Асланга да акча чогултуу жыйынтыкталган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram