Кыргызстанда чанда кездешкен ооруга кабылган 1 жаш 11 айлык Хамза Ташбаевге СМА (спинальная мышечная атрофия) диагнозу коюлган. Анын ата-энеси SEREPTV’га маек берип, баласына жардам керек болуп жатканын айтышкан.
Көптөгөн белгилүү инсандар, ыктыярчылардын жана кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен Хамзанын илдетин жеңүүгө керек болгон Zolgensma уколуна делген 170 миллион сом чогулуп, акча чогултуу жабылды.
Хамзага чогулган ашыкча каражат ушул эле ооруга чалдыккан Аслан аттуу бөбөктүн атасына берилмекчи.