Социалдык тармактарда «4-класстын окуучусу каза болду. Ал 10 күндөн кийин 10 жашка чыкмак» деген жазуу тарап жатат. Анда мектептерде «клубничный квик» деп аталган жаңы баңгизат таратылганы айтылган.
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы WhatsApp мессенджерлерде мектептерде «клубничный квик» деп аталган жаңы баңгизат таратылды деген маалымат жалган экенин билдирди.
Жарандарды сабырдуулукка жана такталбаган билдирүүлөрдү башка группаларга жөнөтпөөгө чакырат.