КМШ лидерлери бейформал жолугушуудан соң автодромго барып, “Муз үстүндөгү шоу” көрүштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Кечээ, 25-декабрда Сант-Петербургда КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын бейрасмий жолугушуусу болуп өттү.
«Лидерлер автоклуб жана автомузей жайгашкан “Игора Драйв” автодромуна барышты. Ал жерден алар кышкы спорт оюндарын көрүштү. Маданий программа “Муз үстүндөгү шоу” көрсөтүү менен аяктады», — деп жазылат билдирүүдө.
Мамлекет башчылары бейформал түрдө баарлашып, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашты.