Кочкор-Атада оорукананын аймагынан 4 административдик имарат, төрөткананын бир бөлүгү, 0,28 гектар жер мыйзамсыз менчиктештирилгени белгилүү болду. Ал жерге 5 дарыкана, 2 жеке клиника жана 2 турак үй салып алышкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Учурда УКМК жана прокуратура биргеликте аталган объектилерди шаардык оорукананын эсебине кайтарып жатат. «1993-жылдан 2009-жылга чейин ММБФнын түштүк аймактык башкармалыгы, ошондой эле Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймактык оорукананын балансында турган объекттерди жана жер участокторун мыйзамсыз ээликтен чыгаруу системалуу негизде жүзөгө ашырылган», — деп жазылат билдирүүдө.