Көк бөрү федерациясынын жалпы жамааты өлкө башчысы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
«Нооруз турниринде болгон кырсыктан бери бүтүндөй өлкөбүздө көк бөрү оюнуна убактылуу тыюу салынып, аны менен чогуу экинчи ири республикалык оюндарыбыз да болбой калуу алдында турат. Бул аралыкта көк бөрүдөгү өлкө боюнча 80ден ашык команда жана жүздөгөн күйөрмандар сүйүктүү спортун көрө албай, сүйгөн командаларын кубаттоого жол жабылып калганына зээнибиз кейип турат.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич, Камчыбек Кыдыршаевич, көк бөрү федерациясы жана кыргыз көк бөрүчүлөрү бийликтин азыркы саясатын толугу менен колдоого алабыз, ошол эле учурда улуттук спортубузга да сиздердин көмөгүңүздөр керек экендигин белгилеп кетмекчибиз», — деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram