Ушул жылдын март айында көк бөрүчүлөр маркум Мирлан Сражидиновдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуп башташкан. Алар чогулган акчага маркум жаңы салып баштаган үйүн бүтүрүп берүүнү пландашкан.
«Бул иш март айында башталган. 4 ай дегенде иштин аягына чыгып жатабыз. Өзүмдүн үйүм бүткөндөй толкунданып жатам. Бүткөн үйгө кишилерди чакырып, куран окутуу болуп жатат. Менин номурум жарыяланганда көк бөрүгө, атка кызыккандар, күйөрмандар, жөн гана карапайым эл деле акча салып жатты. 5-10 сомдон баштап, 300 миң сомго чейин которгондор болду», — деди уюштуруучу топтун башчысы.
Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда Мирлан Сражидинов алган жараатынан улам каза болгон.
Ал 1980-жылы 4-апрелде Чүй облусунун Камышановка айылында жарык дүйнөгө келген. 13 жашында атасынан айрылып, чоң аталары байырлаган Чүй облусунун Бөрүлү айылында эр жеткен. Үч бир тууган, эжекеси жана карындашынын ортончусу болгон. Мирлан Сражидинов үй-бүлөдө үлгүлүү ата болуп, эки уул, бир кызды тарбиялап келген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











