Кечээ, 23-октябрда Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келген.
Монголиянын премьер-министринин жумуш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болот, ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында боло турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Иш-чаранын сүрөттөрүн Министрлер кабинети тараткан. Коомчулуктун назары кол чатыр менен сулууларды жаандан коргоп турган мырзаларга түшкөн.