Ишемби, 25.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Колун кесип, жанын алып калгыла деп жаттым» дейт ооруканага колу сынып барып каза болгон бейтаптын жубайы

11:20 24.11.2023
0
«Колун кесип, жанын алып калгыла деп жаттым» дейт ооруканага колу сынып барып каза болгон бейтаптын жубайы

Бул жолку каарманыбыз “Атамды өлтүргөндөр жазасын алсын” деп кызым SUPERTV’га кайрылды” деп сөзүн баштады. 4 баланын апасы жолдошу отургучтан кулап колу сынып, ооруканага түшкөнүн айтат. “Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам, жолдошума операция жасалып, ошол бойдон ойгонбой калды” деген маркумдун жубайынын баянын уктук.

«7-ноябрда саат кечки 17:30-18:00 чамаларында жолдошум чалып, отургучтан кулап, колун сындырып алганын айтты. «4-шаардык ооруканага такси менен бара бер, мен үйдөн түз ошол жакка барам» десем, абалы жакшы экенин айтып, унаа айдап барууга болорун билдирди. Барсак кабылдамадан кызматкерлер тосуп алышты. Жапжаш жигиттер экен. Рентгенге түшүрүп, сынып кеткенин айтып, гипстешти. «Байке, ооруканага жатасыз. 2 жерден темир салыш керек» деди. 2-3 күн шишиги тарап, анализ тапшырган соң, операция жасаларын айтышты. «Даярданып келип, жатсаңар болот» деди. Ошол түнү жакшы уктады. Эртеси ооруканага жаткырдык. Чалганда баары жакшы экенин айтып жатты. Жума күнү кайра гипс такты, бирок сыздатып ооруп баштады деди. Ишемби күнү аябай ооруп, 5-6 кетонал дарысын ичиптир. Эртеси күнү да ошол кайталанат. Дарыгерлер жок. «Дүйшөмбү келет, операция жасайт, сынык ушундай ооруйт» дептир. Дүйшөмбү күнү операция деп бара жатсам, чалып колу аябай ооруп жатканын айтты. Колунан кан чыгып, канап жатыптыр. Текшерүүдөн кийин «билектин кан тамырлары жакшы, бирок колу жакшы эмес болуп жатат» деди. Жума күнү гипс такканда катуу кысып койгон окшойт деген ой келди. Кан-тамырлар бөлүмүнө бардык. Ал жерде дарыгер көрүп алып, жүрөгү түштү. Профессорлорду чакырды. Алар «кан тамырларын кысып салган турбайбы» деп айтып алышты. «Кызым, ыйлаба алар колун сактап калганга аракет кылыш керек» деди. Жазып берип, мага чалсын деди. Чалып, сүйлөшкөндөн кийин эле, жолдошумду операцияга алып кетти. Эртеси аны сактап калуу үчүн колун кесип салалы дешти. Мен «жанын алып калуу үчүн колун кескиле» дедим. Анткени улам дарыгер чыгып эле абалы начарлап жатканын айтып жатты. Эртеси колун кесишти. Ошол бойдон өзүнө келген жок. Бизге каза болгонун угузушту»,- деди жубайы.

Окуя боюнча клиникалык Тез жардам ооруканасына кайрылдык. «Дарыгерлер гипс салып, ооруканага жатарын айтышат. Ал күнү кетип, эртеси ооруканага жатат. 10-ноябрда дарыгери карайт. Операция алдында 2-3 күн даярдоо керек. Гипсти ачып көрүшкөн. 13-ноябрга операция белгиленген. Ишемби күнү үйүнө кеткен. Душка түшүп, колу ооруганынан кайра келген. Дарыгерлер көрүп, гипсти текшерип, кыскан жерин бошотуп, дарыларын жазып берген. Таңга маал дагы көрүп, бошотуп берген. 12-ноябрь күнү кечинде да карашкан. Түнү менен колу шишиген. Эртеси ооруп жатканын айткан. Кан-тамырлар бөлүмүнө жөнөткөн. Шишик бар экенин айткандан кийин, операция жасалды. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, 14-ноябрда эртең менен жыйын кылып, колун кесели дедик. Колу кесилген. Абалы оор, кан басымы көтөрүлбөй каза болду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.Ошонун жыйынтыгы менен билинет»,- деди башкы дарыгердин оорун басары.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 24.04.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:04 24.04.2026
0

«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:06 24.04.2026
0

Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:59 24.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...

Сурабалдиева 13 жаштагы кыз Дубайга сойкулукка тартылып, кийин каза болгонун билдирди

Сурабалдиева: «Эмгек министрлиги жөлөкпулду алуу тартибин жөнөкөйлөтүү туура болот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:36 24.04.2026
0

"Эмгек министрлигине байланышкан жол-жоболордун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия тууралуу жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатат. Министрлик жөлөкпулдарды жана башка документтерди алуу...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Садыр Жапаров Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

12:20 24.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Алайдагы окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүк боюнча министрлик үн катты

14:59 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026
Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

17:18 24.04.2026
Айыл чарба министринин орун басары: «Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда»

Айыл чарба министринин орун басары: "Өлкөдөгү эпизоотиялык кырдаал туруктуу сакталууда"

16:04 24.04.2026
«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

«Ишеним» депутаттык тобу Эмгек министрлигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алды

15:06 24.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү