Кыргызстандын Эмгек министрлиги маалымат таратып, кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс ала турганын билдирди. Коңшу өлкөлөр канча күн эс алышат билип көрдүк.
- Казакстанда майрамдык дем алыш 1-январдан 4-январга чейин созулат. Ал эми 3-январдагы дем алыш үчүн 5-январда иштешет.
- Орусиялыктар 8 күн эс алышат. Тактап айтканда, 1-январдан 8-январга чейин иш күн эмес.
- Өзбекстандык жана азербайжандык коңшуларда жаңы жылдык дем алыш күндөрүн кыска болот. Алар эки гана күн – 1 жана 2-январда эс алышат.
- Түркмөн эли жаңы жылды кошумча эс алуу күндөрүсүз 1-январда гана майрамдайт.