Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жол акысын төлөбөгөн адамдар боюнча рейддик иш-чараларды өткөрөт.
Рейд учурунда муниципалдык автобустарда жол кире төлөбөгөн жүргүнчүлөр текшерилет. Жол кире төлөбөгөндөр аныкталган учурда, мыйзамдарга ылайык айып пул салынат. Департаменттин кызматкерлери Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 199-беренесинин 8-пунктун жетекчиликке алуу менен коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө мыйзам алкагында чара колдонушат. Муниципалдык коомдук транспортто жол кирени жана жол жүгүн ташуу үчүн акы төлөбөө, ага тете шаардык коомдук транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу — жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет (1000 сом).