Коомдук транспортто жүргүзүлгөн рейд уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 10 жүргүнчүгө айып салынды. Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, Муниципалдык инспекциянын өкүлдөрү, “Бишкек шаардык транспорт” МИнин кызматкерлери, Бишкек ШИИБнын жана “Тулпар” бирдиктүү картасынын адистери катышты.
Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин” 199-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык, 10 жүргүнчүгө 1000 сомдон (миң сом) айып салынды.
Айып пул, айып салынган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектиги белгиленет. Мындай рейддик иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп турат.











