Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешин түзөт жана жетектейт.
Бул жарлык менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төмөнкү курамы түзүлдү:
— Кыргыз Республикасынын президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы;
— Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары — Таалатбек Масадыков;
— Коопсуздук кеңешинин катчысы — Марат Иманкулов;
— Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөр:
— Жогорку Кеңештин төрагасы — Талант Мамытов;
— Министрлер кабинетинин төрагасы — Улукбек Марипов;
— Президенттин администрация башчысы — Сүйүнбек Касмамбетов;
— мамлекеттик катчы — Чолпонбек Абыкеев;
— башкы прокурор — Курманкул Зулушев;
— коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — Таалайбек Өмүралиев;
— тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — Руслан Казакбаев;
— өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — Бообек Ажикеев;
— ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — Улан Ниязбеков;
— улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси — Камчыбек Ташиев.