Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов жабыркаган 2022-жылы туулган кыз дарыланып жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды.
Бала өтө оор абалда ооруканага жаткырылып, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтапта баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жабыркаган жаракаттары аныкталган. Профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда консилиум өткөрүлдү.






