Бул «Тузу оор кесип ээлери» рубрикасы. Биз мамлекеттик Түндүк көрүстөнүндө аза кызматын көрсөтүп 25 жылдан бери иштеп келе жаткан жумушчулар менен маектештик. Алар жумушундагы ары коркунучтуу, ары таң калыштуу окуяларды айтып беришти. Кыштын суугунда муздак жерди казып иштегендердин маегин видеодон көрүңүз.
«Көрдү кээде 10 саат, кээде 2 күн казып калган учурлар болот. Жерге жараша болот. Үстүн тазалап каласың, айрым учурда чоң таштар чыгып калат. Азыр казып жаткан жер эртеңкиге керек. Убактысы айтылат, ошого жетишүү керек болот. Жумуш өзүңөр көрүп тургандай, ысык-суук деген түшүнүк жок. Биздин жумушта соопчулук бар. Бүтүш керек болгондо түнү менен иштейбиз. Окутуп бир нерселерди таштап кетишет. Чүкөлөрдү окутуп, таштап кетишет. Андай толтура болот»,- деди көр казып иштеген Максат Баялиев.











