Кыргызстанда туулган Сеул шаардык кеңешинин депутаты Айсулуу Аширалиеваны Түштүк Кореянын парламентинин спикери Ву Вон Шик менен жолугушууга катышууга президент Садыр Жапаров чакырган эмес. Бул тууралуу редакцияга Айсулуу Аширалиева өзү билдирди.
Анын айтымында, ал Садыр Жапаровдун атынан эмес, Түштүк Кореянын парламентинин спикери Ву Вон Шиктин атынан чакырылган.
2022-жылы Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп, анда биздин мекендешибиз Айсулуу Аширалиева депутат болуп шайланган.