Бүгүн, 25-февралда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров менен кореялык кайрымдуулук уюмунун филиалынын директору Чо Сунх Ворн кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.
Меморандумдун алкагында Сокулук реабилитациялык борборунун жана майыптыгы бар адамдарды колдоо жаатында активдүү иштеген «Келечек» борборунун директорлорунун ортосунда да келишимдер түзүлгөн. Аталган иш-чаранын алкагында реабилитациялык борборлордун муктаждыктары үчүн кореялык уюм эки унааны беришти. Бул унаалар майып балдарды ооруканаларга жеткирүү үчүн колдонулат.
Министрликтин карамагына 17 социалдык стационардык мекеме жана реабилитациялык борбор кирет. Бул мекемелер 2398 адамды тейлейт жана алардын 1269 эркектер, 1129 аялдар.