Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Ош базарынын» айланасын иретке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө Бейшеналиева көчөсүндөгү аялдамада унааларды, жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөөчү инспектор Светлана Тургунбаевага жолукту. Мэр аткарып жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, тартипке чакырууну уланта берүүсүн, эмгек бааланарын билдирди.
Буга чейин Бишкек мэриясы маалымат таратып, «Ош базардагы» аялдамаларда коомдук транспорттун туура токтоосу, жүргүнчүлөрдүн тартипти сактап туруусу көзөмөлдөнө баштаганын билдирген.
Алар жарыялаган видеодон жашыл жилетчен келин туш келди токтогон автобус, маршрутка, унааларды иретке келтирип, аялдаманы көзөмөлдөп жаткан учуру көпчүлүктүн алкышына татыган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram