Эксперттер тобокел тобуна кирген кош бойлуу аялдарга коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү сунушташат. Бул тууралуу Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын президенти, медицина илимдеринин доктору Арсен Аскеров бүгүн, 12-июлда брифинг учурунда билдирди.
Тобокел тобуна кимдер кирет:
— ашыкча салмак менен жабыркаган кош бойлуу аялдар;
— диабет;
— гипертония;
— жүрөк оорусуна чалдыккандар;
— жашы 35тен жогору адамдар.
Кош бойлуу аялдар кайсы учурда коронавируска каршы вакцина албашы керек:
— дары-дармекке жана вакцинага аллергиясы болсо;
— COVID-19 менен ооруп жатса;
— коронавирустан айыккан адамдын канынын плазмасы менен дарыланса;
— коронавируска каршы антителосу бар болсо;
— тромбоз пайда болуу коркунучу болсо.
«Ошондой эле эксперттер кош бойлуу болуунун алдында жана өнөкөт оорулары бар кош бойлуу аялдарга (кош бойлуулуктун 20-22-жумасынан кийин) вакцина алууну сунушташат», — деди Аскеров.