Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 12-октябрда Бишкекке расмий сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. Бул анын 2023-жыл ичиндеги алгачкы ирет чет өлкөгө жасаган сапары болот.
Бишкектин көчөлөрүндө бараткан Владимир Путиндин кортежинин видеосу тарады. Орусиянын президенти өзү дайым жүрчү Aurus унаасын ала келгени айтылды.