Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо менен тосуп, мектептин сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди.
Андан ары Бабараимов көчөсүн кеңейтүү, эски Ош базарын бошотуу иштеринин алкагында жасалып жаткан жумуштарды көрүп, ыкчама жумуш алып барып, иретке келтирүүнү тапшырды.
Ошондой эле Ак-Буура дарыясынын корук аймагына үйдөн баштап, ажаткана, койканага чейин салып алган курулуштарды алып салуу боюнча иш алып баруу керектигин белгиледи.










