«Бажы кызматындагы көмүскө схема азыр да иштеп жатат. Ирандан келген эмаль боёктор башка код менен киргизилип, өлкөнүн экономикасына миллиондогон зыян келтирилип жатат». Бул тууралуу бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков айтып чыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында, Ирандан кирип жаткан эмаль боёктор водоэмульсионка деген код менен киргизилет. Аталган товарлар жасалма келишимдер менен гана кирет.
«Мен жарым жыл мурун ушул маселени көтөрдүм эле. Иран санкциядагы мамлекет. Аларга банктык которуулар, SWIFT операциялык системасы иштебейт. Анан кантип Иранга акча келип, кетип жатат, ал да белгисиз», — деди Самаков.










