Мурдагы жолдошу тарабынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаева социалдык тармактагы баракчасында кулагын калыбына келтирүү боюнча операция жасалганын билдирди.
«Бүгүн мен бактылуу болгонумдан ыйлап жатам. Себеби, дарыгер «Кыргызстандан келе жатканда сөйкө ала кел» деген. Бирок мен алган эмесмин. Себеби, сөйкө такпай, кулагымды чачым менен жаап жүрөм деп ойлогом. Кулагым мен ойлогондон да сонун болду»,- деп жазды ал.









