«Кумтөрдөн» бюджетке 4,5 миллиард доллар түштү. Бул тууралуу Жаратылыш министри Медер Машиев өтүп бараткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл өлкө аймагына 8 миллиондон ашуун көчөт отургузулган. “Кыргыз геология” мамлекеттик ишканасына 1 миллиард сом бөлүнгөнүн айткан Машиев “Борбордук лаборатория” ачылганын, 968 экологиялык текшерүү жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
«Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар каражат тартылды, “МАЙНЕКС” Борбордук Азия 10-биологиялык форуму өтүп анда көп келишимге кол коюлду», — дейт министр.
Кошумчалай кетсек, 2024-жылдын дагы бир жетишкендиги Ысык-Көлдө бир жолку пакеттерге чектөө киргизилди. Анын ордуна кагаз баштыктар колдонула баштаган.