Күнтуу-Шопоков-Бишкек унаа жолун реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Жолдун жалпы узундугу 12,4 чакырымды түзөт. Аталган жолду реконструкциялоо «Жол коопсуздугу» техникалык талаптарына ылайык жүргүзүлүп, бардык чаралар эске алынуу менен параллелдүү долбоорлоонун негизинде куруу пландалууда. Учурда 6 чакырым аралыгында жумуштар жүрүп жатат. Долбоор боюнча кыйылган бактардын ордуна экиден дарак отургузулат. Жолдун категориясы өзгөрүп, 4 тилкелүү болот. Ошондой эле лабораториялык изилдөөлөр үчүн карьерден керектүү инерттик материалдар алынып, жердин түзүлүшү жана топурактын курамы изилденүүдө.
Аба ырайынын жакшырышы менен жер жумуштары, жолдун негизин бекемдөө, туурасын кеңейтүү, эски асфальтты сүрүп тегиздɵɵ иштери уланат.