Чүй облусунда сасык тумоо боюнча эпидемиялык кырдаалдын кескин начарлашына байланыштуу 19-октябрдан тарта коомдук жайларда, уюмдарда жана мекемелерде карантиндик чектөө чаралары киргизилип, массалык оюн-зоок иш-чараларын өткөрүүгө максималдуу чектөө киргизилген.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаевдин айтымында, Чүй облусунда бир жуманын ичинде курч респиратордук вирустук инфекциянын 1164 учуру катталган, оорулуулардын негизги жашы 14 жашка чейинки балдар.