Улукбек Ырысбек уулу мындан 1 жыл мурда онлайн казиного азгырылып 6 миллион сом уттурганын айтат. Ал кумар оюнуна апасынын 8 жыл иштеп тапкан акчасына алынган үйдү сатып, акчаны салганын айтат. Бул видеодо ал эмне үчүн бийик имараттан боюн таштайын дегени тууралуу айтып берди.
«Мен Башкы прокуратуранын жанындагы имараттан секирейин дедим. Себеби, башкалар да мен сыяктуу онлайн казинодон жабыркабасын. «Мени менен токтосун» деп өзүм курмандыкка барайын дедим. Ошол күнү досума чалып, «чара көрсүн, мамлекет көңүл бурсун» деп айттым. Досум баарына кабарлаптыр. Укук оргоо органдарына уттуруп жиберген 6 миллион сомумду кайтарып бергиле деп кайрылганыма 3 ай болду»,- деди ал.
Ал туугандары менен сүйлөшөй турганын, өзү жалгыз жашап жатканын айтты. «Бир жарандын тагдырын талкалады. Адам карызга батканда кылмышка да барып калат экен. Мунун кесепетинен акчасыз калдым. Ден соолугум кетти»,— деди ал.