Биздин бул жолку каарманыбыз 6 айлык наристесин колуна көтөрүп, андан улуураак балдарын жетелеп, борбор калаадагы мечиттердин биринин айланасында жанында тилемчилик кылат. Ал мындай турмушка кантип тушугуп калганын айтып берди.
«Менин атым Гүлмира. 1986-жылы туулгам. Тун уулум 6 жашта, кызым 5 жашта, колумдагы кызым 6 айлык. Балдарымдын атасы 16 жаштагы кызга үйлөнүп алды. Мен андан 10 жаш улуу болчумун. Жолдошум 1995-жылкы. Апасы келип, мени өзүлөрү алып беришкен. Кызым 3 жашка чыкканда чоң апасы менен чоң атасы каза болуп калды. Башка туугандары жок. Жакшы эле жашап жатканбыз. Бир кыз келип, экөөнүн сүйлөшүп жүргөнүн айтты. Мага айткан эмес. «Мен бул кызды алам, ушул жерде жашайбыз» деди. Мага жийиркеничтүү болду. Мен, балдарым жаткан төшөккө алып келди. Мен аябай жаман болдум. Мен кеткиле десем, кетишти. Кыздын апасы мага чалды. «Кызымды түшүн, жакшы көрүп калыптыр» деди»,- дейт ал.