Кылычбек Султан Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Кылычбек Султан — «Супер-Инфо», «Супер.кг», SuperTV, СЕРЕП МЕДИА ММКларынын негиздөөчүсү.
2012-2013-жылы социалдык өнүктүрүү министри болуп эмгектенген. 2014-2016-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болгон. 2017-жылдын октябрында Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалып, 2018-жылы кызматынан бошотулган.
Буга чейин Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, министрдин кеңешчиси болуп дайындалып, иштеп жаткан. 2023-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган.











