Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык уставдык капиталы 1 миллиард сом болоору күтүлгөн 4-мамлекеттик банк «Кылым банк» деп аталат.
Токтомдо 2027-жылга чейин 1 миллиард сумманы 5 миллиард сомго жеткирүү каралган.
“Кылым банк” эсептешүүлөрдү жана клирингдик операцияларды, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүргүзөт. Банк республиканын аймагында борбордук контрагенттин, улуттук депозитарийдин жана номерлөөчү агенттин функциясын аткарат.
Кошумчалай кетсек, мамлекеттин буга чейин «Элдик банк», «Айыл банк» жана «Керемет банк» банктары бар болчу.