Шейшемби, 31.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Күмөндөр Абылов: «Жаңы гимнди ким жазса да, Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдон ашыра жазуу кыйын»

11:45 05.04.2025
1
Күмөндөр Абылов: «Жаңы гимнди ким жазса да, Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдон ашыра жазуу кыйын»
«Жаңы гимнди ким жазса да, Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдон ашыра жазуу кыйын». Бул тууралуу пикирин Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов соцтармактагы баракчасына жазды.

«Бизде азыркы убакта обончу-композиторлор менен акындарыбыздын бир тобу гимн жазуу менен алек болуп жаткан убак. Мен да өз оюмду айтпай коё албадым. Мисалга алсак, мен башынан эле жазганга аракет кылган жокмун. Себеби азыркы гимнибизден артык гим жазгандар болушу мүмкүн. Бирок кээ бир билээрмандар айткандай музыкага шыгы жок жарандарыбыз да ырдай ала турган оңой жана уккулуктуу кооз гимн жазууга мүмкүн эмес деп эсептейм. Мындан да татаал, кооз жазыш керек болсо бир жөн. Өткөндө кайсы бир телеканалдан Түгөлбай Казаков агайыбыздын «Куштар үркүп учуп кетиптир, элдин көбүнүн, менин да үнүм жетпейт экен» деген маегин көрүп, агайдын бул жолку оюна кошула алган жокмун. Менин оюмча жаңы гимнди ким жазса да, Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдон ашыра жазуу кыйын. Элдин баарына жакчудай кылып жазуу андан да кыйын. Музыкалык шыгы, угуусу жок кишилерден өйдө ырдай ала турган гимндин деңгээли мындан жакшы болоорун элестете да албай койдум. Азыркы гимнибиздин профессионалдык деңгээли, обонунун көркөмдүгү, кыргызча колориттүүлүгү, гармониясы, аккорддору, оркестровкасы, сөздөрү да бүт жогорку деңгээлде! Бир убакта сөзүнө да асылгандар болду эле: «бей», «кут» деген «куту жок» деген түшунүк деп. Сөздүн баарын бөлө берсек, уят сөздөр жайнап кетпейби. Анда «бейпил» деген да сөз бар. Ошондо эмне, ал сөз «пили жок» деген сөз болуп калабы? Ал жерде пилдин эмне тиешеси бар? Ушинте эле бергендин эмне кереги бар бизге?

Мисалы: Советтер союзунун гимниндей жакшы гимн жок үчүн Орусия союз тараары менен өздөрүнүн гимнин таштап, ошол союздун гимнинин сөзүн которуп ырдап алышты. Биздин гимн да көп мамлекеттин гимндеринен алда кайда жогору турат! Гимнге ошол гимн ырдалган жердеги биздин жарандар сөзсүз эле бир жерин калтырбай кошо ырдашы керек эмес да… Жөн гана кошулуп турса болот го дейм?… Билгени ырдаса, билбегенин эч ким кыйнаган жок да? Үнүбүз жетпесе, жеткендер ырдасын, жандуу ырдап жаттык беле?.. Дүйнөдөгү жакшы гимндин баары татаал, диапазондору кең, кооз, уккулуктуу го?… Сонун гимнибиз турса, музыкалык шыгы жоктор ырдай ала турган «мыйты-муйту» деген гимнди ырдап калабызбы?» — деп жазылат билдирүүдө.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:54 31.03.2026
0

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти балаңызды белгилүү мектепке кабыл алуу максатында микроучасток боюнча жасалма каттоого (пропискага) жоопкерчилик бар экенин...

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:20 30.03.2026
0

2026-жылдын курулуш мезгилинде өлкө ичиндеги стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор оңдолот. «Мамлекеттик капиталдык салымдар» беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми...

Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

УКМКнын мурдагы төрагасы: “30 жыл Кыргызстанды көз каранды кылып келген паспорттук мафия жеңилди”

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:15 30.03.2026
0

"Улуттук валютабыз тарыхта алгачкы жолу өзүбүздө басыла баштаганы тууралуу кабарды чоң канааттануу менен кабыл алдым. Мындан үч жыл мурда өзүбүздүн...

Депутат Айдарбеков: «БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү»

Депутат Айдарбеков: «БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:42 29.03.2026
0

"БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү". Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чыңгыз Айдарбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди....

Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

Ташиевдин уулу ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун айтып чыккан сөзүн калп деди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:55 29.03.2026
0

"Биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттери улантылып жаткандыгына байланыштуу кайрадан түшүндүрмө берүүгө туура келип турат". Мындай билдирүүнү УКМКнын...

Комментарийлер 1

  1. Карыпбекова Бегимай says:
    12 месяцев ago

    Туура эле агай ГИМН биздин каныбызга,журогубузго,кулагыбызга синди мындан башка Гимнди жазып чыгып калса, кудай сактасын, конуп ,ошону журокко синириш элди кондуруш оор .Дуйнолук денгээлде элдин тарыхын берешен кучтуу жана кооз жерибиз бар экендигин тушундургон создору музыкасы эле канча .Гимн озгорулгону каршымын эмне учун озгоруу киргизгенге шашасынар башка эле нерсени озгорткулочу

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

16:45 30.03.2026
Садыр Жапаров сом Кыргызстанда басылып чыга баштаганын билдирди

УКМКнын мурдагы төрагасы: “30 жыл Кыргызстанды көз каранды кылып келген паспорттук мафия жеңилди”

16:15 30.03.2026
Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

Быйыл өлкөдө кайсы жолдор оңдолот? Министрликтин маалыматы

16:20 30.03.2026
Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

Бишкек мэриясы баланы белгилүү бир мектепке кабыл алуу максатында жасалма каттоого турууда жоопкерчилик бар экенин эскертет

08:54 31.03.2026
Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

Президенттин басма сөз катчысы Абдыкеримовдун кайрылуусу териштириле баштаганын ырастады

16:45 30.03.2026
Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Ал бир аптага созулат

Японияда сакура гүлдөгөн мезгил башталды. Ал бир аптага созулат

16:31 30.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү