Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу буга чейин айтылып жаткан кептерге чекит койду. Ал бир же эки адам эмес, эл үчүн иштей турганын айтып, өз чечими менен төрагалык кызматын тапшырып берерин айтты. Эми ал депутаттык ишин уланта берет.
Камчыбек Ташиевдин УКМК төрагалыгынан кеткен күнү эле Нурланбек Тургунбек уулунун да кызматтан кетери айтылып жаткан. Төрага ал учурда бир нече депутат менен Түркияда иш сапарында болчу. Жогорку Кеңеш маалымат жарыялап, айтылып жаткан кептерди четке каккан. Ошондой эле айрым депутаттар да Жогорку Кеңештин ичинде анын отставкасы тууралуу уу-дуулар болбогонун да айтышкан. Эми эл өкүлдөрү өзүлөрүнө жаңы төрага шайлашы керек болот.
Марлен Маматалиевдин Жогорку Кеңештин кийинки төрагасы болушу мүмкүн экенин бир нече депутат билдигенин жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты. Азырынча спикер ким болот белгисиз.












