Шейшемби, 07.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

09:49 16.03.2026
0
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кечээ, 15-мартта “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры”, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды. Узатуу зыйнатына бир катар маданият ишмерлери, маркумдун замандаштары жана жакындары катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Маданият, маалымат, жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев көңүл айтып, Кеңеш Жусупов “Манас” дүйнөсүн даңазалаган, өз элинин тагдырын, тарыхын, доордун үнүн, адам баласынын аруу сезимдерин калем менен сүйлөткөн, рухту сөзгө айланткан инсан болгонун белгилешсе, замандаштарынын атынан сөз сүйлөгөн академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыков, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, кытайлык кыргыз илимпозу, профессор Макелек Өмүрбай маданият ишмерлеринин арасында Кеңеш Жусуповду өзүнүн кичипейил, сыпайы мүнөзү менен мээнкеткеч инсан катары өзгөчө сый-урматка ээ болгонун, жаш акын-жазуучулардын көбү аны устат деп аздектеп урматташарына токтолуп, анын чыгармачылык сапатын гана эмес, адамдык касиеттерин айтып өтүштү.

Бүтүндөй өмүрүн улуттук маданияттын жана адабияттын өнүгүшүнө арнаган Кеңеш Жусуповдун эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы, Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы, II даражадагы “Манас” ордени, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”, “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражалары ыйгарылган. Эл аралык Түрксой уюмунун алтын медалы, бир топ эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.

Чыгармачылык жолунда алгачкы “Түш” аттуу аңгемеси “Ленинчил жаш” гезитине 1958-жылы жарыяланса, тунгуч китеби 1965-жылы “Жашоо кумары” деген ат менен жарык көрүп, окурмандардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ага удаа “Каралдым тоолор”, “Жүрөгүм менин тоолордо”, “Ыр сабындагы өмүр”, “Күлгүн курак”, “Тоолуктар баяны” аттуу китептери басылып чыгып, окурмандарга өз үнү, өзгөчө изи бар калемгер катары таанылган.

1975-жылы залкар акын Алыкулдун улуу сүйүүсүн, инсандык терең кайгысын, калемгердик эрдигин чагылдырган “Ыр сабындагы өмүр” китеби Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Ошол эле жылы “Лесорубы” (“Карагайчылар”) аталышындагы аңгеме, повесттер жыйнагы Москвадан орус тилинде жарык көргөн. Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен бирге “Манас” эпосунун кара сөз вариантын жазган. Кыргыздын этнографиясы, маданияты, тарыхы, оозеки жана жазма адабияты камтылган кырк томдук “Кыргыздар” аттуу фундаменталдык эмгектин демилгечиси жана түзүүчүсү. Жазуучунун көптөгөн көркөм чыгармалары түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган. “Кыргыздар” китеби улуттук адабиятындагы өзгөчө мааниге ээ болгон руханий мурас. Балдар үчүн жазылган кара сөз түрүндөгү “Манас” китеби келечек муун үчүн чоң табылга.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Үй-бүлөсүнө басым жасаган делген УКМКнын кызматкери кызматтан убактылуу четтетилди

Үй-бүлөсүнө басым жасаган делген УКМКнын кызматкери кызматтан убактылуу четтетилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:18 06.04.2026
0

Кечээ, 6-апрелде жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчысына...

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:12 06.04.2026
0

4-апрелде Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тез медициналык жардам аркылуу 2004-жылы туулган Н.Д. аттуу бейтап (аскер...

Көп кабаттуу үйдөн апасы менен кошо кулаган кыз жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылды

Көп кабаттуу үйдөн апасы менен кошо кулаган кыз жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:41 05.04.2026
0

Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов жабыркаган 2022-жылы туулган кыз дарыланып жаткан Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. Бала...

Бишкекте 740 жаңы дарак отургузулду

Бишкекте 740 жаңы дарак отургузулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:00 05.04.2026
0

«Адинай» паркында Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте, мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда массалык дарак...

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 05.04.2026
0

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн келин эки баласы менен кулап, эне менен бир жаштагы наристеси каза болду. 27 жаштагы келин ошол...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

Лейлекте жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган

17:12 06.04.2026
NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

09:46 07.04.2026
Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты

19:11 06.04.2026
Тармактык комитет Германиядагы элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту

Тармактык комитет Германиядагы элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын укту

14:10 07.04.2026
NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

NASA Айдын Жерден көрүнбөгөн арткы тарабын көрсөттү

09:46 07.04.2026
Күрөш боюнча Азия чемпионаты: экинчи күнү грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандыктар беш салмакта күч сынашат

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: экинчи күнү грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандыктар беш салмакта күч сынашат

09:23 07.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү