Бейшемби, 26.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

17:00 25.03.2026
0
Кыргыз Республикасынын эл артисти Абдыкалык Акматов 71 жашында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Некролог

Кыргыз маданияты оор жоготууга учурады. Кечээ, 25-мартта 71 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү театр жана кино актеру Абдыкалык Акматов оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун жана Кинематографисттер союзунун мүчөсү, таланттуу актер Абдыкалык Акматов 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районунун Ак-Булак айылында туулган. Алгачкы чыгармачылык чыйырын 1975-жылы Ош облустук С. Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү кесибинен баштаган. 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук Кинематография институтунун актердук чеберчилик факультетин аяктап, кино актер адистигине ээ болгон. Аталган институтту ийгиликтүү бүтүргөн соң, бүтүндөй өмүрүн киного жана сахнага, жалпы эле чыгармачылыкка арнады.

Акматовдун кинодо жараткан жаркын эмгектери: «Ак илбирстин тукуму» – Кожожаштын досу, «Кайчылаш жолдор» – Дөөлөс, «Кербез» – Токтогул Сатылганов ж.б. Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театрында: «Талант жана тагдыр» спектаклинде – казак режиссерунун, «Боз Бойдок» спектаклинде – ортомчунун, «Чыңгыз жана Бүбүсара»спектаклинде – А. Үсөновдун ролун ж.б. ойногон. М. Жангазиев атындагы куурчак театрында: «Найман эне» спектаклинде Кербен жана Вазирдин, «Ишенимдүү дос»спектаклинде аюунун, «Мен да күйөөгө чыккым келет» спектаклинде министрдин орун басарынын жана башка ролдору менен эсибизде калды. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында: «Манастын уулу Семетей» спектаклинде Бакайдын, «Абийир кечирбейт» спектаклинде Омордун, «Коркут Атада» Коркуттун ролун жана башка ролдорду ойногон.

Көп кырдуу талант ээси Акматов театрдын өсүп-өнүгүшүнө өз салымын кошуп, көп жылдан бери талбай эмгектенип келди. Ал жаштарга тарбия көрсөтүүчү, өз кесибин сүйгөн таланттуу сахна жана кино чебери. Мамлекеттик жана коомдук ири иш-чараларда, салтанаттарда да жигердүү катышып, искусство ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө өз салымын кошту. Акыркы мезгилде эл артисти «Манас» улуттук театрында эмгектенип келген. Ал коомдук иштерге активдүү катышкан, ошол эле учурда республикалык жана эл аралык сыйлыктардын ээси болгон.

Акматовдун маданият жана искусство тармагында жасаган эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Ага «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти», «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамдары ыйгарылган.

Маданият жана искусствого, өзгөчө кино тармагына бүтүндөй өмүрүн арнап, өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү актер Абдыкалык Акматовдун жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият жана искусство күйөрмандарынын, кесиптештеринин, жакын туугандарынын, үй-бүлөсүнүн эсинде түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жакындарына, бир туугандарына үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, М.А. Маматалиев, А.А. Касымалиев, А.К. Койчиев, Э.Ж. Байсалов, Ч.А. Абыкеев, Ы.Ы. Атажанов, М.К. Мамбеталиев, А.Б. Кенжебаев, Д.Т. Шейшеканов, С.А. Раев, Садык Шер-Нияз, Ж.О. Кулмамбетов, Т.Т. Казаков, Б.К. Одуракаев, А.А. Суюндуков А.А., Н. Турсунбаев, К. Сейдалиева, Н. Млиев, А.А. Кубат, А.К. Мураталиев, С. Сагынбаев, Т.А. амбетова, Г. Каниметова, Ч. Думанаев, Т. Актанов, Э. Бекболиев, Ш. Кыдырмаев, А. Сыдыгалива, А. Назаралиева, А. Набиева, Э.Б. Чалабаев, А. Исаков, Ж. Эркинбаев, М. Мамазаирова, К.О. Иманалиев, К.А. Осмонов, А.А. Өзүбеков, М.А. БегаКулмендеев, Л.В. Анникова, Л. Любомудрова, А.И. Алыбаев, Р.Б. Ставриди, Н. Талантбеков ж.б.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Ат-Башы районундагы мал базар 19-апрелде ачылышы пландалууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:24 26.03.2026
0

25-мартта Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Ат-Башы районундагы мал базар жана соода борбору...

Билим берүү министрлиги: «Бардык окуу китептери жаңыланат»

Билим берүү министрлиги: «Бардык окуу китептери жаңыланат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:15 26.03.2026
0

2025-жылы мамлекет тарабынан 856 548 703 сумма бөлүнүп, жалпы билим берүү уюмдарына 5 миллионго жакын нуска окуу китептери жеткирилди. Бул...

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу жана “Жалал-Абад” аэропортунун курулуш иштери жүрүп жатабы? Облус башчысы кабар алды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:08 26.03.2026
0

Кечээ, 25-мартта президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак району жана Манас шаарындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш иштеринин...

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Текебаев: «Эл «булар дагы эмнени баштаганы жатышат?» деп ойлобойбу?» деп күмөн санадым»

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:58 25.03.2026
0

"Айт арапасында Камчыбек Ташиев Кыргызстанга келген күнү элчиликте «Сыймык келе жатат, эртең Варшавага өтуп кетет экен» деп жарыялап калышты. «Сыймык келсе,...

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

1-апрелден тартып Бишкектин Кожевенная көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:10 24.03.2026
1

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин төрагалыгында «Дордой» базарынын аймагындагы Кожевенная көчөсүн капиталдык оңдоо...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү