Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү
Кыргызстандын Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 14-августта саат 15:34тө Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн бириктирген жогорку чыңалуудагы электр линиясындагы тышкы өчүрүүдөн улам Борбор Азиянын бирдиктүү энергетикалык системасы (ОЭС ЦА) обочолонгон энергетикалык түйүнгө бөлүндү.
Кыргыз Республикасынын энергетикалык системасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өттү. Жабдууларды сактап калуу максатында автоматика белгиленген тартипке ылайык иштеди. Учурда кырдаал энергетиктердин көзөмөлүндө. Энергетика системасынын адистери иштөө режимин турукташтыруу жана электр менен камсыздоонун кадимки схемасын калыбына келтирүү боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат.
Учурда электр энергиясы өчүрүлгөн абоненттер жок, керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилүүдө. Электр энергиясынын кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөрүнүн себептери тууралуу маалымат кошумча берилет.