Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрынан 19-декабрына чейин Душанбеде кыргыз жана тажик өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Министлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын андан ары мыйзамдуу түрдө каттоо үчүн өткөрүү боюнча материалдарды даярдоого киришти.
Тараптар бул ишти кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.