11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу өз ара түшүнүшүүнүн жана достуктун алкагында өттү.