Кечээ, 8-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон чырда Кыргызстандын 2 аскери жана кызматтык 3 жылкы туткунга алынган. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, чек арачылар Гош-Жайлоо аймагындагы Наумин ашуусунда жүрүшкөн. Тажикстандын чек арачылары күтүүсүз жерден ок атып, прапорщик Умаров менен сержант Хуснидин Хожиев 3 ат менен кошо туткунга алынган. Сержант Хуснидин Хожиев алган жаракатынан улам каза болгон. «Аталган чырдан кийин ал жерде Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн катышуусунда териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Бул боюнча УКМКнын Чек ара кызматы маалымат бере элек.