Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 8-июлда видео-байланыш режиминде эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы Тожварон – Карамык көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышышты.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти.
Баяндаманы уккандан кийин Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин баштоо боюнча тескеме берип, андан соң кыргыз тарапта шлагбаумдар көтөрүлдү.
Андан кийин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы өткөрүү пунктунун ишин кайра жандандыруу боюнча буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.











