Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасынын дээрлик бардык тилкеси зым менен тосуларын 22-апрелде “Азаттыкка” билдирди. Ал демаркациялоо иштери 1-майга чейин баштала турганын тактады.
“Чек ара кызматында чек араны тосуу боюнча атайын бөлүм түзгөнбүз. Жакында, 1-майга чейин тосуу иштери башталат. Кыргыз-тажик чек арасына толугу менен зым тартылат. Бирок чек ара сызыгы ар кандай жерден өтөт. Тоолуу, аска-зоо жерлерге тикенек зымдар тартылбайт. Андай жерлерге адамдардын өтүнүшүнө тоскоол боло турган зымдары таштайбыз. Бирок айыл, туздуу жерлерди толугу менен тосконго тапшырма алдык жана быйыл бүтүрөбүз деген планыбыз бар”, — деген Алимбаев.