Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иш чаралары башталган.
Жыйынтыгында видеодо көрсөтүлгөн жарандардын өздүгү аныкталып, алар 1991-жылы туулганТ.К., 1991-жылы туулган С.С жана1991-жылы туулган М.М. Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилиген.
Учурда алардын аракеттерине юридикалык баа берүү максатында тиешелүү соттук лингвистикалык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат.
Зордуктады деген айыпты тагуу үчүн 350 миң сом опузалоого шектелген милиция кызматкери кармалды
2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...









