СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, кошуналары менен кыргыз тилге болгон мамиле боюнча маселе жаралып жатканын айтып, нааразы болду.
Анын айтымында, 5 жыл мурда жайында эс алууга Бишкектин четинен дача алышкан. «Бул жерде 90 пайыз орус тилдүүлөр жашайт. Башында эле кыргызча сүйлөгөндөрдү жаман көрөт дегенинен «Биз жайкысын эле эс алабыз. Эч нерсе болбойт» деп алганбыз. Биздин WhatsApp тайпа бар. Ал жерге бир кыргызча жазган тургун маселесин көтөрүп калды. Ага «кыргызча жазба» деп, каттарын өчүрүп салды. Мен ага болуштум. Эмне үчүн Кыргызстанда кыргызча сүйлөгөндөргө, кыргыз тилге ушундай мамиле болуп жатат? Биз башка чет тилде сүйлөгөндөргө мындай мамиле кылбайбыз го?!» — деген ал тайпадагы жазышууларды бөлүштү.