Abank_june
SerepTV Logo

“Кыргыздын кыздары” кимдерге турмушка чыгып жатышат? Бекешев статистикалык маалыматты жарыялады

“Кыргыздын кыздары” кимдерге турмушка чыгып жатышат? Бекешев статистикалык маалыматты жарыялады

«Кызмат» мамлекеттик мекемесине жөнөткөн суроомо келген расмий маалыматтарды бөлүшөйүн. Алар мага 2022-жылдан 2026-жылдын биринчи чейрегине чейин өлкөбүздө катталган никелер боюнча кеңири статистиканы беришти. Маалыматтар абдан кызыктуу болгондуктан, аны кургак бюрократиялык тилден жөнөкөй, түшүнүктүү тилге которуп берүүнү чечтим". Бул тууралуу билдирүүнү депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына жазды.

Биздин өлкөдө жылдар боюнча канча нике катталган:

  • 2022-жыл — 45 605 нике;
  • 2023-жыл — 43 574 нике;
  • 2024-жыл — 44 984 нике;
  • 2025-жыл — 42 714 нике;
  • 2026-жыл (алгачкы үч айда) — 18 869 нике.

Көп учурда чет өлкөлүктөр тууралуу сөз болгондо, биздин кыздар кимдерге турмушка чыгып жатканы талкууланат. Эми реалдуу сандарга көз жүгүртөлү. Бул мезгилде кыргызстандык кыздарга көбүнчө үйлөнгөн чет өлкөлүк жарандардын Топ-3 өлкөсү:

  1. Орусия — 1 493 нике;
  2. Түркия — 610 нике;
  3. Өзбекстан — 425 нике.

Өзүнчө Кытай жарандары менен болгон никелер тууралуу да айтып кетейин. Бул тема коомдо өтө сезимтал экенин билем. Айрымдар муну жарыялоо атайын кимдир бирөөнү кыжырдантуу же талаш жаратуу үчүн деп ойлошу мүмкүн. Дароо белгилеп коёюн: менде эч кимди провокация кылуу же кандайдыр бир пикир таңуулоо максаты жок. Ал эми сандар мындай дейт: акыркы 4 жылда жана 2026-жылдын башында жалпы болгону 85 кыргыз кызы Кытай жарандарына турмушка чыккан. Башкача айтканда, расмий маалыматтар көрсөткөндөй, “кыргыздын кыздары” кытай жарандарга эл айткандай көп турмушка чыгып жаткан жок.

Бул тууралуу силер кандай ойдосуңар?