Abank_june
SerepTV Logo

Кыргызстан аэропорттору ААКсы: TezJet'тин учактары учуруу убактылуу токтотулат

Кыргызстан аэропорттору ААКсы: TezJet'тин учактары учуруу убактылуу токтотулат
7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык McDonnell Douglas MD-83 үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек-Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, бурууну аяктап, аткаруу стартын ээлегенден кийин учуу алдындагы жол-жоболордун жүрүшүндө негизги сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүнкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон жок. Бул тууралуу Кыргызстан аэропорттору ААКсынан маалымдашты.

"Бул факты боюнча Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги тарабынан расмий териштирүү жүргүзүлүүдө. Окуянын себептери жана жагдайлары толук аныкталганга чейин такталбаган маалыматтарды таратуудан жана алдын ала жыйынтык чыгаруудан карманып турууну өтүнөбүз. Учурда адистер аба кемесин учуп-конуу тилкесинен эвакуациялоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Зарыл болгон текшерүү иш-чаралары аяктаганга чейин TezJet авиакомпаниясынын аба кемелерин эксплуатациялоону убактылуу токтото туруу чечими кабыл алынды. Бул чечим учуулардын коопсуздугунун максималдуу деңгээлин камсыз кылууга багытталган алдын алуучу чара болуп саналат. Аталган иштерге байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту 8-июлда саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Ушунун негизинде каттамдардын ырааттамаларында өзгөрүүлөр болуп, айрым каттамдар кечиктирилиши мүмкүн.

Жүргүнчүлөрдөн өз авиакомпанияларынын маалыматына көз салып турууну жана убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз. Учуу коопсуздугу ар дайым башкы артыкчылык бойдон калат", - деп жазылат маалыматта.