Кыргызстан аэропорттору IATA — BSZ коду боюнча так маалымат берди.
Буга чейин бул код АКШнын Аляска штатындагы Bartletts аттуу чакан жеке аэропортто колдонулуп келген. Аталган аэропорт Эгиджик айылына жакын жерде жайгашкан жана асфальтталбаган учуп-конуу тилкеси болгон, буга байланыштуу туруктуу жүргүнчүлөр каттамдарын кабыл алган эмес. Ошондой эле, аэропорт ал көп жылдардан бери, тактап айтканда 2008-жылдан бери жабылып, иштебей келет.
2025-жылдын 11-августунан тартып BSZ коду расмий түрдө “Манас” эл аралык аэропортуна (Бишкек, Кыргызстан) ыйгарылган. Бул чечим Аба транспортунун эл аралык ассоциациясы (IATA) тарабынан кабыл алынып, учурда бардык брондоо жана авиаташуулар системаларында колдонулууда. Ошентип, бүгүнкү күндө BSZ коду «Манас» аэропортунун коду болуп саналат жана бул аталыштагы бардык каттамдар Аляскага эмес, Бишкекке гана тиешелүү.