Кыргызстанда дары-дармектин 150дөй түрү жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
«Мамлекеттин менчигине өткөн «Айданфарма» заводунда таблетка, капсуланын 120 түрүн, майдын 20 түрүн, сироп жана суспензиялардын 10 түрүн чыгарууга даярдык көрүлүп жатат. Бул дарылардын ичинде азитромицин, амброксол, ибупрофен, омепразол, ацикловир, каптоприл, кетопрофен, кетотифен сыяктуу препараттар бар», — деп жазылат маалыматта.
Заводдун директору Өмүрбек Асанов чыгарыла турчу дарылар Дары-дармек жана медициналык техника департаментине каттоого берилгенин айтты.