Кыргызстан дүйнөлүк бакубатчылык рейтингинде 87-орунду ээледи
Кыргызстан 2026-жылдагы Legatum Prosperity Index дүйнөлүк бакубатчылык рейтингинде 161 өлкөнүн ичинен 87-орунду ээледи.
Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында эң жогорку көрсөткүчтү Казакстан көрсөтүп, 66-орунду алды. Өзбекстан 94-орунда, Тажикстан 129-орунда, ал эми Түркмөнстан 150-орунда жайгашты.
Legatum Prosperity Index өлкөлөрдү үч негизги багыт боюнча баалайт: өнүгүү деңгээли, эркиндик жана коомдун абалы. Бул багыттар жашоо деңгээли, саламаттык сактоо, билим берүү, жарандык тынчтык, экономикалык эркиндик, ошондой эле үй-бүлөлүк, коомдук жана мамлекеттик институттардын туруктуулугу сыяктуу он көрсөткүчтү камтыйт.
Эсептөөлөр үчүн 150дөн ашык статистикалык көрсөткүч колдонулат.