Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Египет Араб Республикасындагы Элчилигин түзүү жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Элчилик Каирде ачылат. Министрлер кабинетине Тышкы иштер министрлигинин штаттык санын беш позицияга көбөйтүү жана элчиликтин ишин уюштуруучулук жана каржылык жактан камсыздоону чечүү тапшырылды. Жарлык 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Жарлык Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык, билим берүү, маданий-гуманитардык байланыштарды активдештирүү жана тереңдетүү, ошондой эле Египетте жана коңшу Түндүк Африка мамлекеттеринде жайгашкан кыргызстандык 3000ге жакын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү максатында кабыл алынган.










